Кенжебек Бокоев аткарылбай жаткан үч мыйзамды атады

Мыйзамды бузгандар жазага тартылат, а бирок мыйзамды аткарбагандардын жоопкерчилиги каралбай жатат. Мындай пикирин бүгүн парламенттик жыйында депутат  Кенжебек Бокоев билдирди.

Эл өкүлү Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу гана эмес, ошол мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөй турган орган экенин эске салды. Ал бул маселени өзүнчө жыйында талкуулоону сунуштады.

“Жергиликтүү кеңештерге 8 миңден ашык депутат шайланды. БШК эмдигиче аларга төш белгини бере элек. Шылтоо табышканынан биз төш белгинин формасын өздөрү аныктасын деген мыйзам кабыл алып бердик. Бирок баары бир аткарылган жок”, – дейт Бокоев.

Мындан сырткары ал уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн сот чечими менен каттоого алуу жүргүзүлбөй жатканын сындады. Тиешелүү мыйзамды өткөн чакырылыштын депутаттары кабыл алып берген.

Бокоев козгогон үчүнчү маселе – электр чубалгыларын мыйзам боюнча РЭСтер тартышы керек. Бирок алар жоопкерчиликти жергиликтүү бийликке жүктөп, “акча тап” деп кыйнап жатат.

Депутат кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча тиешелүү кызматтарга протоколдук тапшырма берүүнү төрагадан өтүндү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика