Өкмөт район-айыл өкмөттөрдү кыскартууга 2019-жылы киришет

Депутат Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы административдик башкаруу аймактарын реформалоону сунуштады. Ал акимчиликтер менен айыл өкмөттөрдүн саны кеминде эки эсеге кыскартылышы керек деп эсептейт.

Эл өкүлүнүн айтымында, азыр 44 район, 453 айыл өкмөт бар. Реформага ылайык, райондорду 20га, айыл өкмөттөрдү 250гө чейин кыскартса болот.

“Ошондо миллиардаган сом үнөмдөлмөк. Анткени аларда ыйгарым укуктар деле көп эмес. Карта, компьютер эле ойноп отурушат”, – деди Шайназаров. 

Административдик башкаруу аймактарын кыскартууну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев колдой турганын билдирди. Анын айтымында, бул боюнча Кубатбек Боронов баштаган атайын жумушчу топ түзүлдү.

“Жогорку Кеңеш менен биргеликте реформаны 2019-жылы баштайбыз. 20 район жана 250 айыл өкмөт калабы, мунун баарын депутаттар менен биргеликте чечебиз”, – деди премьер. 

Өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүн, акимчиликтерди жоюу демилгесин буга чейин да  депутаттар бир нече жолу көтөрүп чыккан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика