Ош: эскирген үйлөр эки айда таанылгыс болуп өзгөрдү

Ош шаарында кароосуз калган эки үй заманбап оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди.

Мэриянын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендей, калаанын Кулатов кичи шаарчасындагы №6 жана 8-көп кабаттуу үйлөр мындан эки ай мурда оңдоло баштаган.

Бүгүн үйлөрдү пайдаланууга берүү иш чарасы өттү.

№6 көп кабаттуу үйдүн сырткы бөлүгүн, подьездердин терезелерине жаңы айнектерди орнотуу, канализациялык тутумдарын оңдоп-түзөөгө жалпысынан 335 220 сом каражаты жумшалган болсо, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 134 920 сом, жашоочулардан 200 миң 300 сом жумшалган. Ал эми №8 көп кабаттуу үйүнө жалпысынан 420 миң 172 сом жумшалган болсо, 163 миң 138 сомун жашоочулар топтогон. Асфальттоо, жарыктандыруу, балдар аянтчасы толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишке ашты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов долбоор Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашып жатканын билдирди.

«Көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо, алдына асфальт төшөө, жашылдандыруу аянтчасын тосуу, тротуарларына брусчатка басуу, балдар аянтчасын куруу, түнкү жарыктандырууну камсыз кылуу, үйлөрдүн айланасын жашылдандыруу, кабаттуу үйдүн сырткы бөлүгүн, подъездердин терезелерине жаңы айнектерди орнотуу, чатырларын оңдоп-түзөө, канализациялык тутумдарын оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Мындай иштер шаардагы башка көп кабаттуу үйлөрдө, жашоочулардын сунуштары, колдоосу менен уланат”,-деди Сарыбашов.

Көп кабаттуу үйдүн жашоочулары иш башталаарда толук бүтүшүнө ишенбей жатышканын, 2 айдын ичинде заманбап, толук шарт түзүлүп калганына ыраазы экендигин билдиришти.

Сүрөт: Мэриянын маалымат кызматы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика