ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү кыргыз чапанын дайым даңазалап жүрөт

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлү Ozonnia Ojielo Бишкекте өткөн Мода жумалыгында кыргыз чапанын кийип, подиумга чыкты. Ал бул аракетb менен кыргыз тигүүчүлүк тармагын колдой турганын билдирди. 

Оzonnia Ojielo Кыргызстанда тигилген кийимдерди дайыма кийип жүрөрүн айтты.

“Бул маселени мамлекеттик деңгээлге чыгарып, ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн анын продукцияларын колдонуунун зарылдыгын, маанисин маңызын жайылткан, кыргыздын чапанын жараштырып кийип подиумга чыгып даңазалаган Ozonnia Ojielo мырзага бали. Озонниа мырза жыйындарга кийген заманбап саркеч кийимдери Кыргызстанда тигилгенин дайыма айтып, сапатын мактап, жергиликтүү уздардын талантына баа берүүнү эч унутпайт”, – деди Фейсбук колдонуучусу Мери Бекешова. 

7-16-ноябрда Бишкекте  Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018 тигүүчүлүк өндүрүш жумалыгы өтүүдө. Экономика министрлиги бул текстиль-тигүү өндүрүрүшүн өнүктүрүүгө арналган алгачкы ири иш чара деп ишендирүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика