“Реал” Сантьяго Солари менен үч жылга келишим түздү

“Реал Мадрид” клубунун директорлор кеңеши азыр убактылуу “Реалды” башкарып жаткан Сантьяго Соларини башкы машыктыруучулукка бекитти. Аны менен 2021-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлдү.

Зидан “Реалдан” кеткенден кийин анын ордуна Хулен Лопетеги келген эле. Команда быйыл Испан чемпионатындагы оюндарын ийгиликсиз баштап, “Барселонадан” жеңилгенден кийин Лопетегини жумуштан алынган. Анын ордуна убактылуу иштеп жаткан Солари менен “Реал” өткөргөн акыркы төрт беттешин баарын уткан.

  • Сантьяго Солари 2000-2005-жылдары “Реалдын” курамында ойногон. 208 беттешке чыгып 22 гол жараткан. 2002-жылы “Реал” менен чемпиондор лигасын утуп алган.
  • “Реал” кийинки оюнун 24-ноябрда “Эйбарга” каршы өткөрөт.
  • Испан чемпионатында 12-турдан кийин “Реал” 20 упай менен 6-орунга көтөрүлдү. Биринчиде бараткан “Барселонада” 24 упай бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика