Сулайманов: ЕАЭБге кирүүдөгү катачылыктар үчүн Сариевдин өкмөтү жооп бериши керек

Кыргызстан ЕАЭБге шашылыш кирген жана бул интеграцияга жооптуулар өлкө кызыкчылыгына каршы шарттарга макул болгон. Бул үчүн ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев баштаган топ жооп бериши керек. Ушундай билдирүүнү бүгүн “Бир Бол” фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов парламентте жасады.

Эл өкүлүнү ЕАЭБ алкагында аткарылган жумуштардын бир катарын сынга алды. Биринчиси – Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши.

“Фонд аркылуу 500 млн акча алып келдик деп атышат. Бирок ал каражат ушул кезге чейин өздөштүрүлө элек. Анткени Темир Аргенбаевич ошол келишимдерге кол коюп атканда насыяны элге берүү жолу туура каралган эмес. Бүт байларга бериле турган болуп калган. Күрөөсү банк системасынан да оор – 3 млн сом. Орто жана чакан бизнеске эч кандай акча жеткен жок”, – деди Сулайманов.

Депутат Кыргызстандын ЕАЭБге ыңгайлашышы үчүн Орусиядан келген 200 млн доллар грант да максатына жетпегенин айтты. Лаборатория, бажы бекеттеринин оңдолушу аягына чыккан жок.

Мындан сырткары Сулайманов ЕАЭБ алкагында Кыргызстан жеңилдик мөөнөттү максаттуу пайдалана албаганын айтты. Тагыраагы, унаа каражаттарын ташып кирүүгө байланыштуу бажы төлөмдөрү боюнча Темир Сариев кол койгон документ 10 миң адамды бир күндө жумушсуз калтырды деп эсептейт депутат. Муну ал статистикалык маалыматтар менен далилдегенге аракет кылды.

“2014-жылы Кыргызстанга 110 миң унаа кирсе, 2017-жылы болгону 69 машина ташылып келинген. Анткени бажы төлөмдөрү үч эсе кымбаттаган.  2020-жылга чейин биз ошол эски темпте жылына 100 миң унаа ташыганда, 10 миң адам 15 млрд сом иштемек”, – дейт Сулайманов.

Депутат эми Темир Сариевди мурдагыдай күчтүү экономист деп эсептебей калганын, ЕАЭБге Кыргызстан өлкө эртеңин эмес, жакынкы президенттик шайлоону деп шашылыш кирип калганын кошумчалады.

“Азыркы бийлик Темир Сариев өкмөттө турганда кетирилген каталарды жоюшу керек. Ал иштерди Башкы прокуратура, Эсеп палатасы, Каржы полициясы карап, келтирилген чыгымды эсептеп чыгыш керек”, – деди Сулайманов. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика