Жээнбеков: ички диний ишенимге киришүүгө эч кимдин акысы жок

Кыргызстанда ислам академиясын түзүү сунушун президент Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан “Ислам азыркы светтик мамлекетте” деген аталыштагы II эл аралык конференцияда билдирди.

Ислам колледжинин мамлекеттик лицензиянын талаптарын аткарып, министрликтин көзөмөлү менен окуу стандарттарын ишке ашыра баштаганы да колдоого татыктуу мисал. Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү бир системанын тиешелүү тепкичтери болушу зарыл. Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот”.-деди президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда диний чөйрөгө толук эркиндик берилип, көп  конфессиялуу   мейкиндик   калыптанганын, ошол эле учурда, берилген эркиндиктердин арты менен, көп сандаган жаңы агымдар,  секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгонун белгиледи.

“Кыргызстанда ички диний ишенимге киришүүгө эч кимдин акысы жок. Ага карабай өлкөдө дин саясатын ишке ашыруу зарыл. Алардын түпкү максаттары коом үчүн бүдөмүк бойдон калды. Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар”,-деди мамлекет башчысы.

Жыйынга Азия, Африка, Европа жана Америка сыяктуу дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери, белгилүү эксперттер жана окумуштуулар катышууда.

Иш-чара радикализмдин алдын алып, экстремисттик көз караштагы пикирлердин таарлышына бөгөт коюу максатын көздөйт. Бул иш-чара ушуну менен Кыргызстанда экинчи ирет өтүп жатат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика