Абылгазиев Центерранын жетекчисине сес көрсөтөбү?

Келерки аптада “Кумтөр” алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. Компаниясынын жетекчиси Кыргызстанга келип, өкмөт башчы менен жолугушат.

Бул тууралуу күн мурун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирди.

Абылгазиев мурунку өкмөт кол койгон жаӊы келишим боюнча бюджетке акча түшө электигин айтып, Centerra Gold Inc. компаниясы өз үлүшүн сатары тууралуу сөздөр бар экенин, келерки аптада компаниянын жетекчилери менен жолугушарын ырастады.

“Келишимдин шарттары бизди канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды”,-деди өкмөт башчы.

Кыргызстан акыркы эки жылдан бери “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан Centerra Gold Inc. компаниясынан дивидент ала элек. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Кумтөрдү канадалык компания иштетип жатат. Андагы Кыргызстандын үлүшү 26,5 пайыз.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of