Аялдардын ишкердик күнү төрт шаарда белгиленет

Бүгүн, 16-ноябрда бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдадын күнү Кыргызстандын Бишкек, Каракол, Кара-Балта жана Ош шаарларында белгиленет.

Иш-чара Бириккен улуттар уюмунун  өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырылат.

Аялдардын ишкердик күнүн майрамдоонун негизги идеясы болуп аялдардын лидерлигин, жашоонун экономикалык деңгээлин жогорулатууну, ошондой эле Кыргызстандын аялдарынын жана кыздарынын руханий, жеке жана кесиптик өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү саналат.

«Бул датаны белгилөө көп учурларда көмүскөдө калып жаткан аялдардын жетишкендиктерин эстөө гана эмес, ошондой эле талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана таанышуу үчүн аянтча түзүү. Бул күн бардык айымдарга арналат, анткени ар бир айым күн сайын кандайдыр бир аракеттерди кылат, чараларды көрөт. Биз үчүн бул бири бирине жардам бере ала турган аялдардын ортосундагы диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Биз аялдардын тилектештиги, биримдиги, өз ара жардам берүүсү жана колдоосу үчүн чыгуудабыз. Тилекке каршы жаратман-аял үчүн тийиштүү көңүл бурулбай келет жана биздин коомдо аялдардын ролу жетиштүү деңгээлде бааланбайт, а бирок аял өзү үчүн, үй-бүлөсү үчүн, кийинки муунду тарбиялоо үчүн чоң жоопкерчилик тартууда. Аялдын ийгилиги – өз мекенинин ийгилиги. Биздин жумшаган күч-аракетибиз жергиликтүү коомдун деңгээлинде да, ошондой эле бүткүл өлкөнүн деңгээлинде да аялдардын ишкердигин илгерилетүүгө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөм», — деди «Курак» коомдук бирикмесинин төрайымы Айжан Чыныбаева.

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда ишкер аялдар болгону 2 пайызды гана түзөт.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика