Декабрда аба ырайы кандай болору айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги декабрь айында күтүлүп жаткан аба ырайынын алдын-ала болжомолун жарыялады.

Декабрь айында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…3°суук, тоо этектериндеги райондордо жана Кемин өрөөнүндө сууктун күчү 3…6° болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5° сууктан 7…12° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын экинчи жарымында абанын температурасы түнкүсүн 13…18° суукка, күндүз 5…10° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо арбын жаашы күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 32-34 мм, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 17-27 мм).

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 2…4° суук болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…3° суук болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 3° суук…2° жылуулуктан, 5…10° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан 6…11° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…2° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 3…5° суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин, күндүз 0…5° сууктан 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 10…12°, Кочкор районунда 7…9° суук болушу күтүлөт.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы12…14° суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° сууктан 23…28° суукка чейин, күндүз 2…7° сууктан 8…13° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы 15…17° суук тегерегинде болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 15…20° сууктан 21…26° суукка чейин, күндүз 1…6° сууктан 8…13° суукка чейин өзгөрүлүп турат. Айдын экинчи жарымында абанын темперасы түнкүсүн 28…33°, күндүз 15…20° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика