Фарид Ниязов: жарыяланган документтеги ысымдар жана иш чаралар чын

 Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу жарыяланган маалыматтар боюнча Фарид Ниязов үн катты. Президенттин ошол кезде штаб башчысы болуп турган ишмер  документтеги ысымдар жана иш чаралар чын экенин моюндады.

Ниязов штаб ишин уюштурганын, бирок үгүт кампаниянын каржылоосуна аралашпаганын айтууда. Анын билдирүүсүндө Жээнбеков акча жагын штабга кирген эки жооптуу адам менен гана талкуулаган.

“Жарыяланган документтеги расмий иш чаралар жана ысымдар чын экенин моюнга алышым керек. Күндөрү да туура келүүдө, анын ичинде менин атыма байланыштуусу да. Башка дата жана сандар боюнча ошол жерде айтылган адамдардан суроо керек”, – деди Фарид Ниязов.

Ал өзү жетектеген штаб мыйзам чегинде иштегенин кошумчалады.

Ал эми КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева документ кечээ күндөн бери партиянын талкуусунда экенин кошумчалады.

“Анык бир суммалар боюнча бир нерсе дей албайбыз. Бирок андагы расмий маалыматтар жана ысымдар чын. Башкасы болбосо да менин атым турган жери”, – дейт Жолдубаева.

  • Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун штабы президенттик шайлоо учурунда 1 млрд 170 млн сомдон ашык каражат коротконун кечээ айтып чыкты. Бул расмий көрсөтүлгөн 158 млн сомдон дээрлик жети эсе көп каражат. Токтакунов “чындыгында канча акча кантип коротулганын” далилдеп турат деген документтерди жарыялады. Ал президентке импичмент жарыялоого негиз бар деп эсептейт.
  • Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул документтерди жалган деп атады.
  • Эксперттер документти абактагы экс-премьер Сапар Исаковдун адвокаты жарыялаганын айтып, маалыматка сын көз караш болушу керектигин айтышты.
  • Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Жээнбековдун президенттик шайлоодогу каржысы боюнча дүйшөмү күнү маалымат берери күтүлүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика