Фарид Ниязов Жээнбековдун шайлоо фонду боюнча жарыяланган маалыматты изилдеп жатат

Фариз Ниязов  Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы катары Нурбек Токтакунов жарыялаган документтерди изилдеп жатат. Бул тууралуу “Калыс Медиага” КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Жолдубаева Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фонду расмий айтылгандан жети эсе көп каражат сарптаган деген маалымат боюнча КСДП азырынча комментарий бере албай турганын айтты.

“Биз бул маалыматты изилдеп чыкмайынча комментарий бере албайбыз. Фарид Ниязов да шайлоо штабынын башчысы катары документтерди изилдеп жатат”, – деди Жолдубаева. 

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун штабы президенттик шайлоо учурунда 1 млрд 170 млн сомдон ашык каражат коротконун айтууда. Бул расмий көрсөтүлгөн 158 млн сомдон дээрлик жети эсе көп каражат. Токтакунов “чындыгында канча акча кантип коротулганын” далилдеп турат деген документтерди жарыялады. 

Укук коргоочунун айтымында документти ага Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына байланышы болгон жана “Жээнбеков менен Атамбаевден” көңүлү калган адам берген.

Нурбек Токтакунов документте көрсөтүлгөн милллиондордун көбү шайлоочулардын добушун сатып алууга сарпталган деп болжойт. Ал Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз бар экенин жана бери дегенде Жээнбековго карата эки берене менен кылмыш ишин козгоого болорун айтууда.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул жагдай боюнча “Азаттыкка” комментарий берип жатып, жарыяланган документтерди жалган деп атады жана кагаздарда кол тамга, мөөр жок экенин кошумчалады.

Эксперттер болсо Нурбек Токтакунов азыр абакта кармалып турган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу экенине көңүл бурууну, мындан улам документтерге сын көз караш менен кароо керектигин “Азаттыкка” айтышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика