Мурдагы сот Эльвира Джаркеевага кылмыш иши ачылды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Джаркеевага коррупция, пара алуу  сыяктуу төрт берене менен кылмыш иши козголду. Ал кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алып, бирөөнүн ишканасын ээлеп алуу үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган деп айыпталууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Джаркеева  аты аталбаган ЖЧКнын экинчи адамга сатылышы боюнча келишимди мыйзамсыз деп таап, Юстиция министрлигинин ишкананы кайра каттоо боюнча чечимин жокко чыгарган.

“Ошентип, сот кылмыштуу топко бирөөнүн ЖЧКсын тартып алуусуна жардам берет. Мындан сырткары Джаркеева ал ишкананы легалдаштырган чечимдерди да чыгарган”, – дешти прокуратурадан. 

Эльвира Джаркееваны Севердлов райондук сотунун судьялыгынан президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын августунда бошоткон. Анын ысымы бизнес жаатында тартып алууларга байланышкан дагы бир катар чуулуу иштерге аралашып жүрөт. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика