Ошто футбол боюнча эл аралык турнир башталды

Бүгүн, 16-ноябрда Ош шаарында белгилүү кыргыз футболчусу Асылбек Момуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу шаардык мэрияныны маалымат кызматы билдирди.

Турнир жаш өспүрүмдөр арасында өтүп жатат. Ага Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан 10го жакын команда катышууда. Мелдеш А.Момунов атындагы Футбол академиясында 16-20-ноябрь күндөрү өтөт.

  • Асылбек Момунов кыргыз футболчусу, жарым коргоочу. Кыргызстандын “Алай”, “Алга”, Болгариянын “Хасково”, Өзбекстандын “Пахтакор”, Казакстандын “Кайнар” клубдарында ойногон. Ал 30 жашында, 1996-жылы Алматы- Талдыкоргон жолунда автокырсыктан каза болгон.
  • Асылбек Момунов Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, Кыргызстан кубогунун 2 жолку ээси, 1993-жылы Кыргызстандын мыкты футболчусу аталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика