Юридикалык жактарды онлайн каттоо тесттик режимде киргизилди

15-ноябрдан  тарта юридикалык жактарды онлайн каттоо тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Буга байланыштуу тийиштүү мекемелерге маалыматтар базасын модернизациялоо жана юридикалык жактарды онлайн каттоонун маалыматтык тутумун түзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары  Юстиция министрлигине, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, Социалдык фонду, Мамлекеттик салык кызматы жана Улуттук статистикалык комитетине юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн каттоону тесттик режимде ишке киргизүү тапшырылды.

Тийиштүү адистер юридикалык (чет элдик) жактарды онлайн-каттоо маселелери боюнча окутулат. Маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлөт.

Онлайн каттоо бизнес ачууну жеңилдетет жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат деп буга чейин өкмөт ишендирип келген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика