Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын спикери президент менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Спикери Нуриджон Исмоилов менен жолугушту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыккандыгын белгиленди.

«Боордош Өзбекстан менен мамилени баалайбыз, кыргыз-өзбек достук жана жакшы коңшулаштык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Саясий эрк көрсөтүп, кыргыз-өзбек кызматташуусун жемиштүү өнүгүшүндө практикалык кадамдарды жасаган Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин аркасы менен мамилелерибиз сапаттык жаңы деңгээлге чыкты. Баардык маселелер мен Өзбекстанга расмий визитимдин учурунда чечилди. Биз муну жогору баалайбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика