Жээнбековдун шайлоо фондунда расмийден жети эсе көп акча болгон деген маалымат жарыяланды

Сооронбай Жээнбеков үгүт учурунда

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Сооронбай Жээнбековдун штабы президенттик шайлоо учурунда 1 млрд 170 млн сомдон ашык каражат коротконун айтууда. Бул расмий көрсөтүлгөн 158 млн сомдон дээрлик жети эсе көп каражат. Токтакунов “чындыгында канча акча кантип коротулганын” далилдеп турат деген документтерди жарыялады. 

Укук коргоочунун айтымында документти ага Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына байланышы болгон жана “Жээнбеков менен Атамбаевден” көңүлү калган адам берген.

Нурбек Токтакунов документте көрсөтүлгөн милллиондордун көбү шайлоочулардын добушун сатып алууга сарпталган деп болжойт. Ал Жээнбековго импичмент жарыялоого негиз бар экенин жана бери дегенде Жээнбековго карата эки берене менен кылмыш ишин козгоого болорун айтууда.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева бул жагдай боюнча “Азаттыкка” комментарий берип жатып, жарыяланган документтерди жалган деп атады жана кагаздарда кол тамга, мөөр жок экенин кошумчалады.

Эксперттер болсо Нурбек Токтакунов азыр абакта кармалып турган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу экенине көңүл бурууну, мындан улам документтерге сын көз караш менен кароо керектигин “Азаттыкка” айтышты.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева “Калыс Медиага” билдиргендей, партия азыр бул документтерди изилдеп жатат жана азырынча комментарий берүүдөн карманат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика