Сөзсүз көрүңүз: заманбап 10 кыргыз тасмасы

17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү. 1941-жылдын дал ушул күнү Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Кеңеши Фрунзе шаарында кинохроника студиясын уюштуруу боюнча токтом кабыл алган.

Кыргызстандын кинематографы башынан ар кандай мезгилди өткөрдү. “Алтын доор” деп өткөн кылымдын 60-70-жылдары эсептелет. Бул жылдарды “кыргыз керемети” деп да аташат. Ал кезде Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Журахон Рахманов сыяктуу актерлер, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев, Альгимантис Видугирис баштаган режиссерлордун жылдызы жанган.

Советтер Союзу кулагандан кийин өлкөнүн кинотармагы  жок болуп кеткендей туюлган эле.

Бирок Кыргызстан беделдүү сыйлыктарга арзып, зал толо көрүүчү топтой алган тасмаларды тарта баштады. Өлкөнүн кинемотографы жанданып эле тим болбой, өнүгүп жатканын көрсөтө алчу кайсы тасмаларды көрүү керек?

Биз Гульбара Төлөмүшова менен чогуу эң мыкты 10 тасманы тизмектедик.

 

Гульбара Төлөмүшова. Кинотануучу.  ФИПРЕССИнин (FIPRESCI – киносынчы жана кинотаануучуларды бириктирген эл аралык уюм) мүчөсү, НЕТПАКтын( Азия киносун алга жылдыруу тармагы) мүчөсү.

1. “Селкинчек” , 1993-жыл. Режиссер Актан Арым Кубат

Актан Арым Кубаттын автобиографиялык үчилтигинин биринчи тасмасы Локарнодогу эл аралык кинофестивалда көрсөтүлүп, “Эртеңки күндүн кабыландары” наамын алган. Ушул тасмадан эгемендүү Кыргызстандын киносу дүйнөлүк мейкиндикке чыга баштады. Тасма СССР кулагандан кийинки оор мезгилде баарыбызга үмүт тартуулады.  Каатчылык абалдан жол тапса болорун, чыгармачылыкка дайым орун табыларын түшүндүк.

Режиссер Актан Арым Кубат

Ак-кара түстөгү тасма. Узактыгы – 48 мүнөт. Сютжеттин негизи – Айнура аттуу кызга ашык болгон 11 жашар Мирландин окуясы. Алар көп убакытын чогуу өткөрүп, селкинчек тебишет. Бирок бир күнү айылга флотто иштеген жигит келип, Айнура менен сүйлөшө баштайт. Мирландын жүрөгү жарылып, акыры үйдүн сырткы дубалына сүрөт тартууну чечет…

 

2. “Бешкемпир”, 1998-жыл. Режиссер Актан Арым Кубат

Мында “Селкинчектеги” каармандын образы өнүгөт. Өспүрүм ата-энесинин өгөй баласы экенин капысынан билип калат. Аблетте, ал эсин жоготот. Бирок акырындап сүйүктүү чоң энесинин жардамы менен жашоодо баары оңой болбосун, өмүрдү кыйынчылыктары менен кабыл алуу керектигин түшүнө баштайт. Анын үстүнө бардык тоскоолдуктарды жеңип өтсө болот.

Бул тасма эң беделдүү фестивалдарда көпчүлүктү тамшантты. Кореянын Пусан шаарындагы эл аралык кинофестивалдын 20 жылдыгына карата киносынчылар арасында өткөрүлгөн сурамжылоодо “Бешкемпир” Азиянын эң мыкты тасмаларынын катарына кошулду.

Тасмадан кадр

Бул кино Локарнодо “Күмүш кабылан” алды.

3. “Маймыл”, 2001-жыл. Режиссер Актан Арым Кубат

Актандын үчилтигинин акыркы тасмасы эр жетилүү, жеңип өтүү тууралуу. Кино Канн фестивалында “Өзгөчө көз караш” программасында көрсөтүлгөн.

Фильм чакан кыштактагы жаш жигиттердин күнүмдүк турмушу, кубаныч-кайгысы тууралуу. Маймыл – жакында аскерге кетчү ак көңүл баланын каймана ысымы. Ага чейин ал темир жолдо иштеп, мурдагы классташына болгон жоопсуз сүйүүдөн кыйналып, убактысын достору менен максатсыз өткөрөт. Курдашына болгон жоопсуз  махабатынан өзүн кебетеси серт жан сезет.

4. “Свет-аке”, 2010-жыл. Режиссер Актан Арым Кубат

Тасмада Кыргызстандагы бийлик алмашкан 2005-жылдагы окуялар чагылдырылат. Кино Канн фестивалында көрсөтүлгөн. Бирок бул Кыргызстандагы кезектеги революция жүз берген 2010-жылдан кийин болду. Андыктан көпчүлүк көрүүчүлөр муну 2010-жылдагы окуялардын чагылдырылышы катары кабылдады. Башкы каарман – электрик – Свет аке айылдыктарга свет жана жылуулук каатчылыгынан чыгууга  эсептегичтерди “өзгөчө оңдоо” менен жардам берет. Тасманын кичинекей, ырааңы серт каарманы чет элдиктер менен күмөндүү иште бирөөлөр пайдаланып кеткен кыргыз аялдын абийирин коргоп чыгат.

Тасмадан кадр

5. “Кентавр”,  2017-жыл. Режиссер Актан Арым Кубат

Тасма Берлин фестивалында көрсөтүлүп, Европанын автордук киносун колдогон жамааттын сыйлыгын алган.

Актан коомдун арабдашышына, кыргызстандыктарга жат салттардын таңууланышына ачык каршы чыгат, ал караңгылыктын түбүнө түшүп кетишибиз мүмкүн экенин эскертет. Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма” тасмасындагы мурдагы айылдык клубдагы эпиоздду көрсөткөнү укмуш. Клуб азыр мечитке айланган. Кентавр (жергиликтүү тургун, совет доорунда киномеханик болгон)   ошол фрагментти көрсөтө баштаганда радикалдык ислам агымдарынын өкүлдөрү корко түшөт. Алар Кентавр башка кино койбошу үчүн механиктин будкасынын эшигин жаап  салышат.  Бирок киномеханик моюн сунуп бербейт.

Тасмадан кадр

6. “Жибек жолу”, 2001-жыл. Режиссер Марат Сарулу

Сүрөтчү поезд жүргүнчүлөрүнүн карикатуралык сүрөттөрүн тартуу менен тиричилигине акча табууга мажбур болот. Көбүнчө ага акысын ичимдик түрүндө төлөшчү. Сүрөтчүнүн кызматына муктаж эмес болушса, катуу жүрүп бараткан поездден түртүп да салышат. Аны муза гана сактап каларына Марат ишенет – тасмада сүрөтчүгө өлүүгө жол бербеген сулуу кыздын образы жаралат.

Беделдүү кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарды алган тасма атамекендик кинематографтын кайра жаралышын тастыктап турат. Баса, режиссер “Жибек жолун” тартып, 20-кылымдын киносу менен коштошконун айткан жайы бар.  Кинодо каармандар жалбырактардын арасынан алма таап алышат, мөмөнүн айынан балдар мушташа кетет, бул эпизод “Кызыл алмадагы” белгилүү сценага шилтеме берет. Мунусу менен Сарулу  кыргыз киносундагы жаңы муундун өкүлү  катары атамекендик классиктерге таазим кылат. Океевдин каарманы табылгасын өзу жактырап калган кызга берүү үчүн сактайт. А Сарулунукунда балдардын эң тентеги мөмөнү бир тиштеп, “мынча кычкыл!” деп даракка бир чабат. Алманы досу алып, ырахаттануу менен жейт…

Режиссер Марат Сарулу

7. “Көч” 2014-жыл.  Режиссер Марат Сарулу

Бул тасма катардагы кыргыз үй-бүлөсүнүн ажырашуусун чагылдырат. Каармандын кызы алган чакан насыя үй-бүлөнү талкалайт.  Аял атасы менен кызын алып, Таш-Көмүрдөгү үйүнөн шаарга көчүшөт. Атасы карылар үйүнө, кызы балдар үйүнө барып калат. А өзү Орусияга кетүүгө мажбур болот. Көрүүчүлөр бул тасманы көргөндө ыйлашкан, анткени көпчүлүк кредиттин азабын тарткан.

8. “Айыл өкмөтү”, 2004-жыл. Режиссер Эрнест Абдыжапаров

Бул тасма кыргызстандыктарга үмүт берди. Турмуштун эң оору артта калды, эл каатчылыктан эмгеги менен гана чыга аларын түшүндү.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров

 

9.  “Белгисиз маршрут”, 2008-жыл. Режиссер Темир Бирназаров

Режиссер шаардан айылга каттаган автобуста Акаев менен Бакиевдин тушунда кыргызстандыктар башынан өткөргөн бардык өзөктүү окуяларды айтып берет. Караңгы жолдун аягында жарык бар экенин көрсөтөт.

Тасмадан кадр

10. “Курманжан Датка”, 2014-жыл. Режиссер Садык Шер-Нияз

Алай ханышасына байланышкан темага совет доорунда тыюу бар эле. Ал тууралуу мектептерде сөз болчу эмес, китептер чыгарылбаган.

СССР кулагандан кийин гана бул аялдын ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк жаралды. Садык Шер-Нияздын тасмасын көргөндөн кийин  адамдар Курманжан Датка тууралуу көбүрөөк билиш үчүн  тарыхый, көркөм, илимий адабияттарды издей башташты.

Тасмадан кадр

Белгилей кетсек, кыргыз тасмалары киреше жагынан да ийгилик жаратты.

Акыркы 5 жылда Кыргызстандагы “Синематика” кинотеатрлардын ири тармагында киреше көп тапкан кинолор:

“Апамды издеп”, 2017-жыл, режиссер Руслан Акун

Азамат балдар үйүндө жашап, өз үй-бүлөсү тууралуу эч нерсе билбейт. Күндөрдүн биринде  ага апасы Америкада жашайт деген сөз жетет. Бала чет өлкөгө чыгуунун амалын табат: ал математика боюнча олимпиаданы жеңип, чакыруу алат. Азамат океандын ары жагына илгери үмүт менен жөнөйт.

“Салам, Нью- Йорк”, 2013-жыл. Режиссер Руслан Акун

Батыр – жаш кыргыз жигити, Ньюй-Йоркко юридикалык билим алыш үчүн келет. Башкы кыялы – магистратураны бүтүп, бүт дүйнөгө таанымал ийгиликтүү адвокат болуу. Англис тилин жакшы билбегенине карабай, бөтөн шаарда өзүн жакшы сезерине ишенет, анткени тууганы ал жакта жашачу. Бирок Нью-Йорк жаш жигитти кучак жайып тосуп албайт, бөтөн жерге келери менен баштыгын жоготот. Ага улай эле ишенген тууганы тууралуу эстен тайдырган жаңылык угуп, ажарлуу кыз менен таанышат. Аны дагы башка эстен кеткис окуялар күтөт.

“План Б”, 2016-жыл. Режиссер Бакыт Осмонканов

Тасма отуз жаштагы жигит тууралуу – ал бойдок жана үй-бүлөлүк жашоого умтулбайт деле. Бизнесте өнөктөш досу менен ал бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө аракет кылат. Иш оңунан чыкпай, кыйналып турушканда алардын бизнесине акча салууга даяр чет элдик инвестор  табылат. Бирок деген жери бар, инвестор – үлгүлүү үй-бүлөлүү киши жана ал үй-бүлөлүүлөр менен гана кызматташат, анткени бойдокторго ишеним артпайт. Досу баш каарманды калп эле үй-бүлөлүүмүн деп айтууга көндүрөт. Инвестор болочок өнөктөшүнүн туугандары менен жакындан таанышууну каалайт. Ушул жерден кызыктын баары башталат…Жалгандын айынан күлкүлүү көп окуялар жана күтүлбөгөн жагдайлар орун алат.

“Курманжан Датка” (кинотануучунун версиясы боюнча мыкты тасмаларындан катарынан өйдөдөн караңыз).

“Напарниктер”, 2008-жыл. Режиссер Бакыт Осмонканов

Арстан –  аткезчилик тууралуу чоң ишти иликтеген мыкты тергөөчү. Мунусу “чоң кишилерге” жакпай, Арстанга кысым көрсөтүшүп, катардагы жаңы конуштардын бирине участкалык милиция кылып которушат. Ал жактан райондун эң ийгиликсиз тескөөчүсү ага өнөктөш катары туш келет. Ушул жерден кызыктын баары башталат!

Булак: Мейкин Азия онлайн

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика