Баткен: Прокурордун өлүмүнө шектүү кармалды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 17-ноябрдан 18ине караган түнү шаардын чыга беришиндеги Төрт-Күл суу сактагычы жактан табылган. Бүгүн анын өлүмүнө шектүү делип акыркы жолу прокурор менен чогуу жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу “Калыс Медиага” ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери прокурордун баш жагына таш же башка нерсе менен урулган жарааты бар экенин аныктаган.

Шектүү катары кармалган Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы суракка алып келингенде мас абалында болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын май айында Баткен облусунун прокурору болуп дайындалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика