Абылгазиев “Дастанды” орус ишканалары менен байланыштыруу жолдорун талкуулады

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн «Дастан» ишканасына барды. Ал мындагы технологияларды модернизациялоо, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана чыгарылган продукциянын ассортиментин кеңейтүү боюнча  ойлорун билдирди.

«Биздин мындай жогорку класстагы адистери бар жана рынокто алдынкы позициялуу адистешкен өзгөчө ишкананы сактап калганыбыз кубанычтуу. Бирок биз бүгүн бул заводдун бир чарчы метри бош калбай, түз максатында колдонулушу үчүн таасирдүү механизмдерди иштеп чыгууга тийишпиз. Анын баштагы кубатын жана өндүрүш көлөмүн калыбына келтиришибиз керек, анткени кечээ жакында эле мында миңдеген адамдар иштеген», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөт атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, ал эми «Дастан» сыяктуу уникалдуу өнөр жай объектилерин колдоо – анын ишинин артыкчылыгы болуп саналат.

«Өлкө боюнча жаңы өнөр жай объектилерин ачуу менен бирге биз «Дастан»  өңдүү өз өндүрүштүк базасы бар мындай кубаттуу ишканаларды колдоо күч-аракеттерин топтоштуруу аркылуу экспортту өбөлгөлөшүбүз керек. Өкмөт модернизациялоо жана «Дастан» заводунун мүмкүндүктөрүн кеңейтүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрөт», – деди Мухамедкалый Абылгазиев.

«Дастан» заводу КМШ аймагындагы жогорку класстагы деңиз куралдарын, атайы багыттагы суу астындагы техникалык каражаттарды түзүү жана өндүрүү жаатындагы алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика