АФК Кубогундагы “Алайдын” атааңдашы белгилүү болду

2019-жылы өтө турган Азия конфедерация кубогунун тайпалык баскычына чыгуу үчүн биринчи тандап алуу оюнунда Оштун “Алай” командасы Түркмөнстандын “Ахалына” каршы ойнойт.

Өткөн апта Түркмөнстан чемпионаты жыйынтыкталып, “Алтын Асыр” өлкө чемпиону болсо, “Ахал” экинчи орунду алган. Эми эки өлкөнүн вице-чемпиондору АФК Кубогунун тайпалык бачкычына чыгуу үчүн бири-бири менен эки оюн өткөрөт. Биринчи беттеш 20-февралда Ош шаарында өтсө, экинчи оюн Ашхабад шаарында 27-февралда болору пландаштырылган.
  • Бул эки команда өткөн жылы да АФК Кубогунун тайпалык баскычында беттешкен. Эки оюнда тең “Алай” утулган.
  • АФК Кубогу – Азия чөлкөмүндөгү клубдар аралык экинчи даражадагы турнир.
  • Быйыл АФК Кубогун Ирактын “Аль-Кува” командасы жеңген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика