Ак үйдө митинг. Дарыгерлер үй-бүлөлүк медборборлорду кыскартууга каршы

Ушул тапта Ак үйдүн алдында дарыгерлер Бишкекте үй-бүлөлүк медициналык борборлорун оптимизациялоого каршы нааразылык акцияга чыгышты. Азырынча алар менен сүйлөшүүгө чиновниктерден эч ким чыккан жок.

Ак халатчандар Бишкектеги 19 үй-бүлөлүк медициналык борборду кыскартып, ар бир районго бирден мекеме калтырууга каршы чыгууда. Алар мындай чечимди элдин, аларды тейлеген дарыгерлердин чыныгы турмушунан алыс жетекчилер кабыл алганына нааразы.

Мындан сырткары алар адистештирилген дарыгерлер кыска убакта үй-бүлөлүк дарыгерликти үйрөнө албай турганын айтышты. Ак халатчандар убадалангандай айлык акы көтөрүлбөгөнүн да кошумчалашты.

Бишкектин дарыгерлери оптимизация боюнча буга чейин да нааразалыгын билдиришкен. Министрлик алар менен жолугуп, түшүндүрүү иштери болорун убадалаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика