Атамбаев: Жээнбековдун шайлоо каржысы тууралуу билгендердин баары өз өмүрү үчүн коркот

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фонду тууралуу комментарий берип жатып, ошол кездеги эсеп-кысапты билгендердин баары азыр өз өмүрү үчүн коркуп жүргөнүн билдирди. 


Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына интервью берди. Материал бүгүн кеч эфирден кетет. Телеканал жарыялаган анонсто экс-ажонун Жээнбековдун шайлоо фонду, мурдагы бийликтин абактагы өкүлдөрү тууралуу комментарийи берилген. 


Алмазбек Атамбаевдин айтымында Жээнбековдун шайлоо фонду тууралуу документтин ушул күндөрү жарыяланышынын себеби бар.

“Икрам Илмияновду камашты. Штабдын эсепчиси өргүү алып, чет өлкөгө чыгып кетти. Ал өз өмүру үчүн коркот. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен баратат. Бул документ тууралуу билгендердин баары өз өмүрү үчүн коркушат”, – деди Атамбаев.

Анын айтымында Икрам Илмиянов камалбаганда мынтип шайлоо фондундагы маалыматтар ачыкталып кетмек эмес.

“Биз атайылап шайлоо фондундагы чектөөлөрдү алып салганбыз. Эгер ал таза акча болсо, анда каражаттын толук көлөмүн эмнеге көрсөтүшкөн жок? Бул, албетте, өтө кайгылуу”, – деди Атамбаев. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика