Баткен облусунун каза болгон прокурорунун акыркы делген сүрөтү жарыяланды

Компрамат КГ

Баткен облусунун каза болгон прокурору Анарбай Мамажакыповдун кесиптештери менен чогуу эс алууда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланды. Маалыматка караганда бул сүрөт окуя болгон күнү эс алууда жүрүшкөндө жайлоодо тартылган.

Сүрөттө Анарбай Мамажакыповдон сырткары анын эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана кылмышка шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуштун башчысы бар экендиги айтылат. Акыркы маалыматтарга караганда аңчылыктан кайткандан кийин кечки тамактануудан соң, Мамажакыпов капиталдык курулуш башкармалыгын башчысы менен биргеликте кеткендиги айтылууда.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 17-ноябрдан 18ине караган түнү шаардын чыга беришиндеги Төрт-Күл суу сактагычы жактан табылган. Азыркы учурда, кылмышка шектүү катары капиталдык курулуш башкармалыктын башчысы М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика