Бекешовдон президентке 10 каалоо. Депутат ажого кандай белек берди?

Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков 60 жылдык мааракесин белгиледи. Депутат Дастан Бекешов Эдгардо Кампостун “Многоликая коррупция” китебин белек кылганын Фейсбукка жазды.

“Сооронбай Жээнбеков үчүн азыр коррупция менен күрөшүү приоритеттүү, андыктан мен белек катары ушул китепти тандадым. Аймактарды өнүктүрүү тууралуу жазылган адабият тапкан жокмун”, – деди Бекешов. 

Ал президентке каалоосун да жарыялады:

  • жөнөкөй бойдон калууну;
  • элдик Президент болууну;
  • бир гана мактоо сөздөрүн гана эмес, сынды да угууну;
  • бөлөк пикирди кабыл алууну;
  • жумушка баш ийчүлөрдү гана албоону;
  • өз айланасындагыларды гана укпоону;
  • эл жыргалчылыгы үчүн гана иштөөнү;
  • Кыргызстан тарыхында өз атын алтын тамгалар менен калтырууну;
  • мамлекетти өнүктүрүү боюнча пландарды жүзөгө ашырууну;
  • баары өтүп кетерин эстен чыгарбоону.

Соңунда Бекешов  президентке ден соолук жана бекем нерв каалады.

17-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 60 жашка чыкты. Фейсбук колдонуучулар, анын ичинде депутаттар да ажону соцтармак аркылуу куттуктап жатышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика