Бишкекте дөңгөлөк желимдеген эки бала оор күйүк жаратын алды

Кечээ таңга маал Бишкекте дөңгөлөк желимдөөчү жайда өрт чыкты. 15 даана дөңгөлөк, 2 төшөнчө күйүп кеткен. Анын кесепетинде 19 жана 22 жаштагы балдар биринчи даражада күйүк жаратын алышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Желимдөөчү жайдага өрт электр шаймандарын колдонууда эреже сакталбаганы үчүн келип чыккан.

Өткөн суткада өлкө аймагында 25 өрт кырсыгы катталды. Суук түшкөндөн бери тилсиз жоо күч алганын ӨКМ эскертип, жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика