Ошто 900дөй дин кызматкери жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Жыл башынан бери Ош облусунда 900дөй дин кызматкери айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Алар муфтийдин “Адамдын жаны аманат”  аталган аудиобаяндарын таратышкан. Динаятчылар ЖККК өкүлдөрү менен бирге ири иш чараны өткөн дем алыш күндөрү өткөрдү.

Бүгүн, 19-ноябрь – Жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү. Буга байланыштуу ЖККК өкүлдөрү дин кызматкерлери менен кошо Оштун Кара-Суу районунда иш чара уюштурду. Алгач жол кырсыктарынан ажал тапкандарга куран окушту.

ЖККК өкүлдөрү жол кырсыктаранын алдын алуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, түшүндүрүү иштеринде аксакалдардын жана имамдардын орду өзгөчө экендигин белгиледи.

Ош облусунун казынын жардамчысы Раушан Жеңишбеков “Адам жаны аманат” темасында баяндама жасады. Ал мечит имамдарын эл топтолгон жерлерде жана жума күндөрү мечитке келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди.

Жыл сайын кыргызстанда миңден ашык адам жол кырсыктарынан каза табат. Дүйнөдө  болсо мындай кокустук курмандыктарынын саны 1 млн 250 миңге жетет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика