Пентагон карапайым сириялыктардын мерт болгону тууралуу айыптоолорду четке какты

Маалыматтарга караганда, “Ислам мамлекети” террордук тобунун позицияларына жыйырмадай жолу чабуул жасалган, карапайым кишилер арасында курмандыктар болгон эмес. Операция 16-17-ноябрда жүргүзүлгөн.

Күн мурун Сириянын өкмөттүк SANA агенттиги коалициянын Дейр-эз-Зор провинциясынын Хажин шаарынын четинде жасаган аба чабуулдарынан 40тан кем эмес жай тургун мерт болгонун маалымдаган.

Америкалык аскерлер Хажин шаарына сокку урган авиациянын коалиция жана анын тарапташтарына тиешеси жок экенин билдирди. Буга байланыштуу Пентагон Сириядагы жаңжалдын бардык катышуучуларын Ефрат дарыясынын жээгиндеги макулдашылбаган чабуулдарды жасоону токтотууга чакырды.

Ефрат дарыясынын боюнда АКШ жана Орусиянын аскердик күчтөрү жайгашкан.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика