Жанар Акаев: Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого олуттуу себеп түзүлдү

Депутат Жанар Акаев абакта жаткан “Ата Мекен” партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо үчүн олуттуу негиз түзүлдү деп билдирүү таратты.

Эл өкүлү “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасына депутаттык суроо-талап жөнөткөн. Ишканадан келген жоопто Чотонов 2010-жылдын 13-майында саат 17:21де 01101 номерлүү МИ-8 тик учагы менен Фрунзе 1 маршруту аркылуу Ошко учканы айтылат. Буга чейин Чотонов менен  Ошко чогуу учканын Исмаил Исаков да сотто билдирген.  Ал эми Текебаев болсо ал күнү түн бир убакка чейин “Ак-Кемеде” кеңешмеде болгон.

Леонид Маевскийдин өз көрсөтмөсүндө 2010-жылдын 13-майында, кечинде “Супара” кафесинде Текебаев жана Чотоновдор менен кечки тамакта жолугуп, эки сааттай сүйлөшүп, акча бергени сотто негизги көрсөтмө болгон.

Жанар Акаев билдирүүсүнө тиркеген документтерде “О” уюлдук операторунан дагы бир арыздануучу Модиндин шаар ичинен чыкпаганы тууралуу расмий маалымат бар.

“Алардын жолукканы жана акча бергени жалган экенин, бул ишти ошол кездеги бийлик атайылап уюштурганы ачыкка чыгууда. Мындай маалыматтар ишти сотто кайра кароого негиз боло алат. Кыңыр иш кырк жылда билинет дешчү, азыр заман башка, кыңыр иш кырк айга да жетпей билинчү заман. Маевский жана анын Кыргызстандагы мамлекеттик деңгээлде калп айткан достору, саясий ишмерлердин тагдыры менен ойногону үчүн жооп тартылышы керек!”-дейт Жанар Акаев.

  • Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.
  • 16-ноябрда Леонид Маевский Москвада камакка алынган. Ага бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деген кине коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика