Жээнбеков экс-өкмөт башчы, төрагалар менен жолугушат

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрь күнү аткаруу бийлигинин, парламенттин мурдагы башчылары менен жолугушат.

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушуу учурунда өлкө башчысы Жээнбеков билдиргенин президенттик аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Президент жолугушуу аркылуу коомдун көз карашын аныктап, бардык тараптарды бириктирүүгө болгон жаңы практика экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик донорлор жана жаштар менен жолугушуп, алардын ой-пикир, сунушун уккан.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери аткаруу бийлигин азыр 32-чи өкмөт башчы жетектеп жатат. Парламентте 17-чи төрага болуп Дастанбек Жумабеков иштөөдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика