Apple жаңы iPhone смартфондорун өндүрүүнү кыскартат

Чет өлкөлүк басылмаларынын малыматы боюнча, Apple жаңы эле колдонууга берилген үч моделин чыгарууну кыскартат.

Алар акыркы үлгүдөгү  iPhone XS, iPhone XS Max жана iPhone XR моделдери. Өндүрүүнүн төмөндөшүнүн  негизги себептеринин бири  колдонуучулар тарабынан буюртмалардын 3 эсеге азайганынын айтышууда. Бул көрсөткүч күндөн күнгө көбөйүп компаниянын акциясынын төмөндөшүнө себеп болууда. Башкача айтканда Apple  жаңы үлүгүдөгү смартфондорун өздүрү ойлогондой сата алган эмес.

Эскерте кетсек, Apple  сентябрь айында iPhone XS, iPhone XS Max жана iPhone XR моделдерин сатыка чыгарган. Бул заманбап смартфондордун баасы азыркы учурда Кыргызстанда iPhone XSMax – 94 000, iPhone XS – 80 000 сом болсо, iPhone XR – 66 000 сомдун тегерегинде.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика