Атамбаев 24-ноябрда өтчү курултайга барбайт

Бул тууралуу “КСДП” партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.

Ал экс-президенттин атына курултайга чакыруу келип түшкөнүн, бирок бул Алмазбек Атамбаев бара турган жыйналыш эместигин айтты.

Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул суроого жооп берип кетейин. Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке өздөрүнүн максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды. Башка бул суроого кайрылып келбей эле койсок”,-деп айтылат билдирүүдө.

  • Элдик курултай 24-ноябрда өтөт. Демилгечилердин катарында Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров жана Рита Карасартовалар бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика