Атамбаев: Тарых музейден акча жегендер болсо жазалансын

апрель тв

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде Тарых музейди реконструкциялоого Владимир Путин жардам бергенин ачыктады.

Биринчиден, Тарых музейин реконструкциялоо гранттын эсебинен жүргүзүлгөн. Ал жерде мамлекеттик бюджеттен бир сом да кеткен эмес. Биринчи бөлүгүн Түркия ТИКА уюму аркылуу жасаган. Экинчи бөлүгүн мен жашырбаймын, мага Владимир Путин жардам берген. Албетте, бардык гранттык каражаттар түз эле  келип түшпөйт. Түркия ТИКА уюму аркылуу, Кытай өзүнүн подрядчиги аркылуу жасайт экен. Эгерде кимдир бирөө бул музейде реконструкциялоодо мыйзам бузса, аны камагыла, жоопкерчиликке тарткыла”, – деди Атамбаев.

Бишкектеги Улуттук тарых музейиндеги оңдоо иштери, сатылып алынган эмеректер өтө кымбатка түшкөнү ушул жылдын майында белгилүү болгон. Бирок андагы коррупция боюнча бир да кииши жоопко тартыла элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика