Атамбаев Текебаевди каматканына өкүнөт

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде Өмүрбек Текебаевди каматпай эле койсом болмок экен деген өкүнүчүн билдирди.

Текебаев тууралуу бүгүн мойнума алам. Ал боюнча мен мыйзамдарга карабай эле койбопмун (камабай эле койбопмун деген мааниде). Мүмкүн мыйзам боюнча баары далилденгендир. Текебаевдин талапташтары да миллион боюнча айтып атышат. Менимче аны кылбай койбопмун… бирок менин иштөө формам ушундай. Мен дайыма күч түзүмдөрүн мыйзам боюнча кылгыла деп айткам“,-деди Атамбаев.

  • Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.
  • 16-ноябрда Леонид Маевский Москвада камакка алынган. Ага бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деген айып коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика