Атамбаев: Жээнбеков менин эмес, Бакиевдин жолун тандады

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына маалымат берип жатып Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилесине токтолду. Жээнбеков анын жолун эмес, Бакиевдин жолун тандаганын билдирди мурдагы ажо .

“Ал Бакиевдердин жолуна түштү. Бул туурасында 29-мартта өзүнө да айткам. Менин жолумду тандабаганын бүгүнкү күндө көрүп жатабыз. Аны үчүнчү күчтөр башкарууга аракет кылып жаткан болсо, ал өзүнүн бир туугандарыдыр. Менин ал менен андай мамилем жок “,- деди Атамбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков  жакын туугандарын бийликке аралаштырбай тургандыгын айтып келет.  Ажо жакында эле “24.kg” маалымат агенттигине берген маегендие Атамбаев аны үчүнчү күчтөр аркылуу башкарууга аракет кылганын айткан.

“Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу”, – деген Жээнбеков.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика