Баткен облусунун прокуратурасынын беш кызматкери жумуштан убактылуу четтетилди

Баткен облусунун башкы прокурорунун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы жана райондун прокурору кызматтан убактылуу алынды.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан “Калыс Медиага” билдиришкендей,  Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу тергөө иштери жүргүзулүп жаткандыктан, башкы прокурор ушундай чечим кабыл алган.

Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 17-ноябрдан 18ине караган түнү шаардын чыга беришиндеги Төрт-Күл суу сактагычы жактан табылган. Кылмышка шектүү катары Мелис Калыков убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.

Прокуратуранын башка кызматкерлери менен бирге маркум менен шектүүнүн ууга чыккандагы жалпы сүрөтү  кечээ жарыяланган.

Ал эми кылмышка шектүуү катары кармалган жетекчи Кадамжай райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика