Баткендин каза тапкан прокурорунун ордуна жаңы жетекчи келди

Турмуш

Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Орозбек Бердибаев  дайындалды. бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан “Калыс Медиага” билдирди.

Бул кезге чейин облустук башкы прокурор кызматын аркалап келген Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 17-ноябрдан 18ине караган түнү шаардын чыга беришиндеги Төрт-Күл суу сактагычы жактан табылган. Кылмышка шектүү катары Мелис Калыков убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле. Буга байланыштуу кылмыш ишин иликтөө иштери бүткөнгө чейин Баткен облустук прокуратурасынын беш кызматкери убактылуу кызматтан алынды.

Прокуратуранын башка кызматкерлери менен бирге маркум менен шектүүнүн ууга чыккандагы жалпы сүрөтү  кечээ жарыяланган.

Ал эми кылмышка шектүуү катары кармалган жетекчи Кадамжай райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика