Кардарын 8 саат күткөн таксистке жаңы иш сунушташты

Унаада калып кеткен капчыкты ээсине кайтаруу үчүн жүргүнчүсүн 8 саат күткөн кыргызстандык айдоочуга Москвада жаңы иш сунушташты.

Сунушту “Ситимобил” такси агрегатору киргизди. Алар  чынчылдыгы менен белгилүү болгон Кайрат Тентимишевге жумуш үчүн акысыз автоунаа берүүгө даяр. Мындан сырткары бир айлык комиссиядан да кечишет.

Компания өкүлү Георгий Лобушкиндин айтымында, кыргызстандык айдоочунун жасаганы башкаларды шыктандырган. Ал кардарга кам көрүү – такси айдоочусунун башкы милдети экенин көрсөттү, – деди Лобушкин.

Чынчыл, абийирдүү айдоочу тууралуу маалыматты соцтармакка кардар өзү жарыялаган. Ал Москвага таң жуук учуп келип, үйгө чейин таксиде жетип, дароо уйкуга кетет. Арадан 8 саат өткөндө гана акча, документи салынган капчыгын унаада калтырганын эстейт. Кардар таксисттин номурун өз алдынча табууга аракеттенип, анысынан майнап чыкпай кайгырат. Бирок атасы үй алдында турган таксини байкап калат. Көрсө, кыргызстандык айдоочу кардардын унуткан буюмун кайтаруу үчүн 8 саат бою эч жакка кетпей күткөн экен.

“Спутник” агенттиги бүт Кыргызстанга сыймык тартуулган айдоочу Кайрат Тентимишев  экенин аныктап, ал менен байланышкан. Таксисттерге ишеним, кыргыз элине сыймык алып келген жигит “аманаттын ээси чыкмайынча 8 саат эмес, бир сутка болсо эч жакка кетмек эмесмин” дейт. Анткени кайтарып бербесе Кыргызстандын аброюна доо кетерин сезген. Ал маек учурунда Кыргызстанда бизнеске көп каражат жумшап, банкротко учурагандыктан Москвага барып иштөөгө мажбур болгонун “Спутникке” айтып берди.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика