Мадумаров, Келдибеков, Сариев. Президент экстер менен жолугуп жатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңешинтин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен жолугушууда.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиргендей, жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков катышып жатат.

Ошондой эле экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев катышууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика