Жээнбеков: Сындан качпайм, пайдасыз чыр-чатактан алысмын

Султан Досалиев

 Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешинтин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолугушууда.

Анда өлкө башчысы мамлекеттин тарыхы жана келечеги үчүн бардык саясий элита жоопкер экендигин билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо», — деп белгиледи президент.

Келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү ар кандай маселелерде биргеликте чечүүнүн жолдорун да талкуулоону сунуштады.

«Сиздер жакшы билесиздер, саясий элитасы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги принциптери боюнча орток пикирге келе алган мамлекеттер чоң ийгиликтерге жетишкен. Алар деле талашып-тартышкан, бири-бирин аябай сындаган. Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө келгенде баары жалпы бир мегабагытка карата бир пикирде болушкан. Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот. Азыр Кыргызстанда бардык коомдук-саясий күчтөрдүн катышуусу менен чече турган көйгөйлөр жана олуттуу маселелер көп. Сиздер мына ушул маселеде данакерлик вазийпаны аткара аласыздар деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы: “Жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы диалогду, кызматташтыкты илгерилетүүгө даярмын. Жеңил пиардан жана пайдасыз чыр-чатактардан алысмын. Сындан да качпайм”, – деп кошумчалады.

Андан кийин экс-спикерлер жана экс-премьер-министрлер сөз сүйлөп жатышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика