Абулгазиев Бишкекти каптаган кара түтүндөн арылуу боюнча 4 милдетти койду

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев катардагы шаардыктардай эле Бишкектеги абанын булганышына тынчсызданып жатат. Ал экологиялык көйгөйдү чечүү боюнча төрт милдетти белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

1.Премьер-министр Бишкек менен Чүйдүн бийлигине борбор калаанын жака-белиндеги үйлөрдү газдаштырууну тапшырды. Бул үчүн «Газпром Кыргызстан» менен сүйлөшүүлөрдү баштоо керек.

2. Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө коомдук унааларды газга өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү милдеттендирди.

3. Шаардын «желдетүүсүн» камсыздаган аймактарда бийик курулуштарды курууга толук тыюу салуу мүмкүндүгүн изилдөөнү тапшырды.

4. Абанын булганышынын ден-соолукка терс таасирин деталдуу баалап чыгууну Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырды.

Акыркы күндөрү Бишкекти каптаган кара түтүн, абанын булганышы боюнча соцтармакта тынчыздануу күчөдү. Бирок тиешелүү кызматтар аба булгануучу нормадан аша элек экенин айтууда.

Сүрөт: 24.kg

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика