Атамекенчилер президенттен Текебаевдин камалышы боюнча позициясын ачыкташын талап кылууда

Атамекенчилер президенттен Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча позициясын билдиришин талап кылууда. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов бүгүн өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Текебаев туура эле камалганбы же жокпу деген  маселеде президент ушул кезге чейин оюн айта элек. Биз Текебаев Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен камалган деп эсептейбиз. А Жээнбеков кандай ойдо? Ушул суроолорго жоопту билгибиз келет”, – деди Шыкмаматов.

“Ата-Мекен” фракциясынын өкүлдөрү жаңы ачылган жагдайлар боюнча Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун ишин кайра карууну талап кылууда.  Алар президент же башка институттардан соттун ишине кийлигишсин дешпей турганын, болгону маселе мыйзам чегинде каралышы керектигин айтышты.

Кечээ президент мурдагы төрага, өкмөт өкүлдөрү менен жолугушканда алар Сооронбай Жээнбековго Өмурбек Текебаведи бошотуу боюнча сунуштарын берген. Ажо бул ишке көмөктөшөрүн билдирген.

“Ата-Мекен” партиясынын кайрылуусу толугу менен бул жакта.

  • Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.
  • 16-ноябрда Леонид Маевский Москвада камакка алынган. Ага бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деген кине коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика