Бек Борбиев: Бабановду Кыргызстанга алып келиш керек

Кыргыз эстрада ырчысы Бек Борбиев Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга алып келүү керектигин Фейсбук баракчасына жазды.

“Өмүрбек Бабановду чакырып келишибиз керек. Акыркы убактагы өлкөдөгү саясий кырдаал мына ушуну талап кылып турат. Саясий күчтөрдүн балансы үчүн, дегеле кечээги трайбалисттик интервьюдан кийин Өмүрбекке окшогон бир лидер сөзсүз керек экендиги ачык айкын көрүндү. Акыркы шайлоодо өлкөнүн жарымы дал ошол жигитке добушун бергени жалганбы?” – деди ырчы.

Былтыр 4-ноябрда Башкы прокуратура Бабанов үгүт маалында Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу маалында конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап жана улут аралык кастыкты козуткан деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабанов 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кеткен.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика