Чет өлкөдөн саясий баш паанек сураган элчи кайтып келди

Кыргызстандын Түшүк Кореадагы мурунку элчиси Кылычбек Султан өз өлкөсүнө 20- ноябрда кайтып келгенин жарыялады.

Ошондой эле ал, эч бир мамлекеттик кызматта иштебесе да өз элине кызмат кыла берээрин Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

Эгемендүүлүктү алгандан бери батып калган кыйынчылыктан Кыргызстанды алып чыгуу үчүн өлкөнүн патриоттору менен жолугушуп, талкуулоо максатында кайтып келдим“,-деди .

Кылычбек Султан ал 24-ноябрда болуучу курултайга да катышаарын билдирген.

11-октябрда Кылычбек Султан Кыргызстандын Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган.

12-октябрда ал чет өлкөдөн башпаанек сураганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазган эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика