Көңүлдөшүн өлтүрүп, анын этинен тамак жасады делген аял кармалды

Сауд Арабияда жашаган аял көңүлдөшүн өлтүрүп, анын этинен тамак жасаган. Азык менен жумушчулардын курсагын тойгузган. Шектүү азыр кармалып, иликтөө жүрүүдө деп жазды Associated Press.

Тергөөдө маалым болгондой, аял аны менен чогуу жети жыл жашаган эркек башкага үйлөнгөнү жатканын билип калган. Ачуусу келип ал жарандык никедеги жолдошун өлтүрөт. Кишини жиликтеп, анын эти менен күрүчтү кошуп, макбус тамагын жасаган. Азык пакистандык жумушчуларга берилген.

Ал ортодо бейдарек жоголгон кишини иниси издеп баштайт. Ал аялдын ашканасындагы блендерден адамдын тишин таап алган. Ушундан кийин шектүү камоого алынган.

Макбус же кабса — Сауд Арабияда кеңири тараган тамак.

Ушул жылдын июнунда америкалык тургун достору менен бирге адам этинен жасалган тако тамагын жеп көргөнүн айткан. Ал азыкты жол кырсыгынан кийин кесилген өз бутунан даярдаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика