Кабулда терактан 50дөн ашуун адам көз жумду. Видео

Кабулда дин кызматкерлери топтолгон жерде жанкечти өзүн жардырып, элүүдөн ашык киши набыт болду. Бул тууралуу Ооганстан ИИМинин расмий өкүлү билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 80ден ашуун киши жарадар болду. Ислам жана диний агартуучулукту иликтеген жүздөгөн мусулмандар студенттер менен бирге маданият фестивалынын алкагында салттуу Куран окуу жөрөлгөсүн өткөрүп жатышкан.

Иш-чара өтүп жаткан имарат Кабул аэропортунун жанында жайгашкан.

Азырынча жардырууну ким жасаганы белгисиз болууда. Аталган кырсык ооган баш калаасында акыркы айларда орун алган эң кандуу чабуул болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика