Карыпбековдун убадасына карабай, КТРК айдоочулары ишке кайткан жок

Иш таштаган КТРКнын айдоочулары/Мирлан Самыйкожо

Коомдук каналдын 48 айдоочусу бүгүн эртең мененки саат 08:00дөн баштап иш ташташты.

Бул тууралуу “Калыс Медиага” айдоочулардын бири Арслан Курманов билдирди.

Нааразычылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Эрик Абакировду белгисиз себептерден улам иштен алынганына байланыштуу чыккан.

“Иш таштаган айдоочулар менен жарым саат мурда КТРКНын башкы жетекчиси Илим Карыпбеков жолугушуп кетти. Ал: “Эрик Абакиров мурункудай эле жетекчиңер болуп кала берет. Иштей бергиле” – деген убадасын берди. Бирок биз анык тактамайынча, жумушка чыкпайбыз. Ордуна келе турган жаңы жетекчини тааныбайбыз, билбейбиз. Мурдагы жетекчибиз менен тогуз жылдан бери жакшы иштешип атканбыз”, – дейт Курманов.

Ал эми КТРКнын жетекчилиги иш таштоо боюнча комментарий бере элек. Илим Карыпбеков менен байланышуу аракетибизден азырынча майнап жок.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика