Катардын Доха шаарына Кыргызстандан түз каттам ачылат

Эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамын ачуу боюнча мыйзамды ратификациялоо бүгүн үчүнчү окууга жөнөтүлдү.

Эгер мыйзам колдоо тапса, Кыргызстандан түз Катардын Доха шаарына каттам ачылат. Аны “Qatar Airways” авикомпаниясы ишке ашырат.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаевдин айтымында рейс жумасына бир жолу болмокчу. Дохадан ары Германиянын эки шаарына жана Польшага арзан жетүү мүмкүнчүлүгү жаралат.  Бул өз кезегинде кыргызстандыктардын Европага барышына ошондой эле андан келе турган туристтерге арзан жана ыңгайлуу болот.

  • Кыргызстан менен Катар мамлекеттери ортосунда аба каттамын ачуу боюнча макулдашууга 2018-жылдын 21-январында Катардын Доха шаарында кол коюлган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика