Кыргыз-өзбек киночулары тарткан “Делбиримдин” трейлери чыкты

Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип тарткан “Делбирим” тасмасын кино сүйүүчулөр 6-декабрдан баштап көрө алат. Бул  тууралуу тасманы жараткан топтун өкүлү Перизат Жакыпбекова билдирди.

Ал  тасманын трейлерин жарыялады.


Тасманы эки өлкөнүн “DanPro” жана “Узбеккино”продюсердик борборлору тарткан. Ал эки тилде жарык көрдү.

Эмгек Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Кыргызстанда бет ачары жазуучунун туулган күнүн утурлай 5-декабрда өтөт.

Тасмадагы башкы каармандар: Иляс – өзбекстандык актер Адиз Ражапов, Байтемир -Улугбек Кадыров. Асел – Мадина Талипбек, Кадича – Элина Абай кызы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика