Кыргызстанда 20 миң студент медицинада окуйт, бирок кадр өтө тартыш

Кыргызстанда медицина жаатында билим алган студенттердин саны 20 миңди түзөт. Алардын 7 миңи чет элдиктер. Бирок саламаттыкты сактоо тармагында кадр тартыштыгы курч бойдон калууда. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева бүгүн ЖК жыйынында билдирди.

Абалды жөндөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинде так маалыматтар базасы жоктугун эл өкүлү сындады. Анын айтымында бюджеттик негизде билим алган студенттердин кийин үч жыл бою иштеп берүү жагын көзөмөлдөгөн жан жок.

“Студенттер менен такыр иш алып барбай жатышат. Мамлекет эсебинен окуп, бирок иштеп бербеген бир да адам жоопкерчиликке тартылган жок. Алар кайсы бир мекемеден “иштеди” деген маалымат катты алышат да, тапшырып коюшат”, – деди Касымалиева.

Бул боюнча депутаттын суроолоруна саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев так жооп бере алган жок. “Медициналык академия гана бизге карайт, калган медициналык окуу жайларды Билим берүү министрлиги тескейт” деген чиновниктин жообу Касымалиеванын катуу сынына кабылды.

Дарыгерлердин жетишсиздиги өзгөчө алыскы аймактарда курч бойдон калууда. Дүйнөлүк стандарт боюнча 10 миң  адамга 24 дарыгер туура келиши керек. Бишкек, Ошто бул норма сакталат. А бирок айрым райондордо 10 миң калкты 7 гана дарыгер тейлейт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика